Кыргызстанда акыркы 5 айда өрт кырсыгынан 16 адам көз жумду

Ушул жылдын 5 айында республика боюнча 823 өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 39,2 пайызга аз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анын кесепетинен материалдык чыгымдар 227 миллион сомдон ашуунду түзгөн. Өрттүн кесепетинен 16 адам каза болуп, 11 адам жабыркаган.

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелерин бузуудан (384 өрт кырсыгынын 46,7 пайызын түзөт);

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу (132 өрт, бул жалпы сандын 16,0 пайызын түзөт);

мештерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу (126 өрт, бул жалпы сандын 15,3 пайызын түзөт);

Балдардын от менен ойноосу (28 өрт, бул жалпы сандын 3,4 пайызын түзөт).