Кыргызстанда чечен активисти, Рамзан Кадыровду сындаган Мансур Мовлаев кармалганы маалымдалды

Кечээ, 20-августта 27 жаштагы чечен активисти Мансур Мовлаев «Манас» аэропортунан кармалганын укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мовлаев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду сынга алган. Чечен оппозициясынын коомчулугунун маалыматына ылайык, Мовлаев Чеченстандагы адам укуктарынын бузулушуна жана саясий репрессияларга каршы чыккан. Активист өз билдирүүлөрүндө жана басылмаларында сөз эркиндигинин бузулушу, күч түзүмдөрүнүн өзүм билемдиги жана аймактагы башка көйгөйлөр боюнча суроолорду көтөргөн.

2020-жылы ал 3 жылга эркинен ажыратылган. Оппозициянын айтымында, бул иш ойдон чыгарылган. 2022-жылы шарттуу түрдө бошотулуп, бирок Шали райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жигит Орусиядан качып кетүүгө үлгүрүп, федералдык издөөгө алынган. 

Азырынча Кыргызстандын күч түзүмдөрү окуя боюнча маалымат берише элек.