Кыргызстанда издөөдө жүргөн аял Орусияда кармалды

Тюмень облусунда өз мекенинде алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, аял киши Нижневартовсктогу жакындарыныкында жашырынып жүргөн. «Алгач ал жашынган батирде жарык өчүрүлгөн. Тюмень облусундагы кызматкерлер эшикти такылдатышкан. Алгач кыргызстандык аял кызматкерлерге жасалма паспорт көрсөтүп, кутулуп кетүүгө аракет кылган. Паспорттогу анын сүрөтү эмес экенин айтышкан. Аял жөн эле арыктаганын айткан», — деп жазат телеканал.

Жыйынтыгында аял киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.