Кыргызстанда жыл башынан бери өрттүн кесепетинен 31 адам көз жумган

Кыргызстанда былтыркы жылга салыштырмалуу өрттүн саны 19 пайызга өскөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10 ай ичинде республика боюнча 2531 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 19,4 пайызга өскөн. Былтыр 2120 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен 31 адам каза тапкан, ал эми 2020-жылы 18 адам көз жумган. 43 адам жабыркаган (2020-жылы 28). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 миллиард 389 миллион 727 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1248 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5 пайызын түзгөн.