Кыргызстанда орусиялык альпинист көз жумду

Орусиялык хореограф жана альпинист Игорь Рамазанов 6-августта Хан-Теңири тоосунан түшүп келе жатып, 6350 метр бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу E1.RU жазды.

Рамазановдун бир тууганы Руслан Рамазановдун маалымат каражаттарына билдиришинче, 17-августта эки кесипкөй альпинисттер тобу чогулуп, 18-август күнү кечинде орусиялыктын сөөгүн Түштүк Эңилчек базасына 25-августка чейин жеткирүү үчүн экспедицияга жөнөшкөн.

«Ал жерден тик учак менен Каракол шаарына алып барып, тергөө амалдарын жүргүзүшөт. Кырсыктын себептери тууралуу кийинчерээк айта алабыз», — деди тууганы.