Кыргызстанда Шенген визасын жасалмалоо боюнча Пакистандын жарандары кармалды

Жасалма Шенген визасын даярдоо жана сатуу менен алектенген чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, чет элдик жарандар катышкан эл аралык мыйзамсыз миграциянын каналы аныкталып, бөгөт коюлду.

Пакистандын жарандары ири суммадагы акча алуу үчүн Пакистандан келген туристтерге Италия Республикасынын жасалма Шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштурушкан, андан ары алар Казакстан, Орусия жана Белоруссия аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды. Чет элдик жарандар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Аларга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.