Кыргызстанда террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган жаран кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

11-августта УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардун активдүү мүчөсү, 1983-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

Маалыматка караганда, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында, Кыргызстандан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган. Ооганстандагы «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмасы менен, Кыргыз Республикасында террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.