Кыргызстандан Өзбекстанга алтын куймаларды ташып бара жаткан 2 аял кармалды

Өзбекстандын Анжиян облусунда алтын куймаларды мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Дустлик» (Достук) чек ара бажы посту аркылуу Кыргызстандан келген эки аялдын жүрүм-туруму бажы кызматкерлеринин көңүлүн бурган.

Алардын жүктөрүн текшерүү учурунда ар бири 5 грамм салмактагы, бажы көзөмөлүнөн жашырылган жана бажы кызматкерлерине оозеки сурак учурунда айтылбаган, атайын таңгактагы алтын куймалары табылган. Куймалардын жалпы салмагы 1,1 килограммды түзгөн. Табылган адтын куймаларынын жалпы баасы 880 миллион сумду түзгөн. (87 миң доллар). Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.