«Кыргызстандан чыгып кетүүнү көздөгөн». Ысык-Көлдө Орусиянын жараны алдамчылыкка шектелип жатат

Жети-Өгүз районунда жергиликтүү тургундарды 2 миллиондон ашык акчага алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз РИИБге Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, август айында Али (аты өзгөртүлдү) андан 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм өрүгүн алып, акча каражатын бир жуманын ичинде төлөп берем деп убада кылып, төлөбөстөн качып кеткенин билдирген.

Арыз райондук милицияга катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү болгон жарандын өздүгү аныкталган. Ал Орусия мамлекетинин 40 жаштагы жараны болуп чыккан. Андан тышкары, милиция кызматкерлерине түшкөн маалымат боюнча шектүү жаран жакынкы арада Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө даярданып жатканы да белгилүү болгон. Ушундан улам, тергөө кызматы тарабынан «Манас» эл аралык аэропортуна жана чек ара кызматына билдирме жиберилип, аны чыгарбоо боюнча атайын иш кагазы чыгарылган. Шектүү аэропортун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү катары кармалган жаран алдамчылыктын дагы 60 учуруна тиешестиги бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Бардык аныкталган учурлар боюнча жабырлануучулардан арыздар алынып, райондук милициянын реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишине алынды.

Учурда, Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүүнүн башка ушул өндүү алдамчылыка тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынгычы Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.