Кыргызстандан Орусияга 53 килограмм балды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандан Омск облусуна балдын партиясын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылышкандар аныкталды. Бул тууралуу Россельхознадзордун аймактык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандык Бишкектен 53 килограмм бал алып бараткан. Ташуучу чек арадан өтүү үчүн зарыл болгон Бажы биримдигинин ветеринардык сертификатын берген эмес.

Кылмышкер Орусия Федерациясынын Администрациялык жоопкерчилик кодексинин 10.6-беренеси (ветеринардык -санитардык эрежелерди сактабоо) боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган.