Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз жылкы киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

Жалал-Абад облусунда аткезчилик каналынын иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК жана УКМКнын чек ара кызматы менен бирдикте, мамлекеттик чек араны коргоо жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, Ош облусунун Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкы малын Кыргызстандан мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда Кыргыз жараны кармалган.

Маалыматка караганда, ал Өзбек жараны «Хабибилло» менен алдын ала макулдашып алып, Ош облусунун Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң өлчөмүндө акча каражатын сый акы катары алып, мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Өзгөн районунун Көк-Таш айылынын аймагында жылкыларды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул сыяктуу эле, Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган Кыргыз жараны кармалды.