Кыргызстандан Тажикстанга 14 ири мүйүздүү мал айдап өтүүгө шектүү кармалды

УКМКнын Чек ара кызматы 28-мартта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстандан Тажикстанга ири мүйүздүү жандыктарды мыйзамсыз айдап өтүү аракетине бөгөт коюлгандыгын маалымдады.

Баткен облусунун Лейлек районунун Сарай жергесинде чек арачылар УКМК аймактык тарамынын кызматкерлери менен биргеликте шарттуу чек ара сызыгынан алыс эмес жерде 14 баш ири мүйүздүү малды Кыргызстандан Тажикстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1971-жылы туулган Кыргыз жаранын кармашкан. Ал ири мүйүздүү малды Тажикстандын аймагында сатууга аракет кылган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, кармалган малдын жалпы баасы болжол менен 2 миллион 600 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң аткезчи жана ири мүйүздүү жандыктар мындан аркы териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.