Кыргызстандык 2 аял Абхазияда 15 жылга эркинен ажыратылды

23-декабрда Сухум шаардык соту Кыргызстандын эки жаранына өкүм чыгарганы Абхазиянын Башкы прокуратурасынын сайтында жазылды.

Алар Абхазия Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды сатуу) боюнча күнөөлүү деп табылган. Алардын ар бири 600 миң рублдан айып пул төлөө менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө үчүн 15 жылга эркинен ажыратылды.