Кыргызстандык 20 жаштагы жигиттин Москвада кармалышы. ТИМ маалымат берди

Кыргызстандык 20 жаштагы Нурмухаммед Токобаев Москвада кармалды. Бул тууралуу жигиттин ата-энеси Акипресс маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, жигит өткөн жылдын ноябрь айында Орусияга иштөө үчүн кеткен. Ата-эненин айтымында, уулунун кармалганы тууралуу азырынча маалымат жок. 2-апрелде жактоочусунун телефону менен байланышка чыгып, кармалганын айткан. Ата-энеси уулунун чөнтөгүнө баңгизат салып коюшкан деп божомолдоп жатышат.

ТИМ бул окуя боюнча маалымат берди. «Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигине Орусия Федерациясынын укук коргоо органдарынан Н.Тга карата билдирүү келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу, учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын элчилиги кармалган анын жактоочусу менен байланышкан. Кошумча маалымат келип түшкөн учурда, элчилик тарабынан анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чаралары көрүлөт»,- дешти.