Кыргыз жараны АКШнын түрмөсүндө экенин айтып жардам сурады. ТИМ үн катты

Социалдык тармакта кыргызстандык АКШнын түрмөсүндө экенин айтып, каржылык көмөк сураган видеосу тарап жатат. Бул тууралуу ТИМ маалымат берип, жагдайларды тактоо боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

Учурда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Кыргыз жаранынын АКШнын тиешелүү органдары тарабынан камакка алынышы менен байланышкан бардык жагдайларды тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Бул жагдай Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинин көзөмөлүндө.