Кыргызстандыктар Новосибирск шаарынын тургунун сабады деп шектелүүдө

Жабырлануучу

Новосибирскте барда кыздарга ыдык көрсөткөн Орто Азиядан келген сегиз мигрант (болжолдуу кыргызстандыктар) аларга эскертүү берген Вячеслав Бондаревго кол салып, мыкаачылык менен сабашкан. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жерине барган ыкчам жооп да ур-токмокко дуушар болгон. Кесепетинен жабырлануучунун баш мээси чайкалган, денеси көгөргөн, колунан жараат алган. Кол салгандар жергиликтүү «кыргыз кварталы» деп аталган мыйзамсыз жашылча базарына тиешеси бар деп божомолдонууда, мындай кол салуулар сейрек көрүнүш эмес. 

Массалык маалымат каражаттары бул окуяга полиция кайдыгер мамиле жасап, кол салгандарды издебей жаткандыгын, ал эми алардын үчөөнүн жүзү видеокөзөмөлгө түшүп калганын жазып чыгышты.