Кыргызстандыктарга ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын саткан Өзбекстандын жараны кармалды

Өзбек жараны кыргызстандыктарга ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы көрсөтүлгөн жасалма тастыктама саткан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 18-августта «Маданият-Автожол» өткөрүү пунктунун чек арачылары тарабынан кармалган.

«1965-жылы туулган кыргызстандык аял Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүүгө аракет кылган. Бирок өзбек тарап жасалма тастыктама улам аны өткөрбөй койгон. Ал Кыргызстандын чек ара бекетине жакын жерде бир киши чек арадан өтүп жаткан жарандарга жалган күбөлүктөрдү сатып жатканын айткан», — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын 1996-жылы туулган жараны жасалма тастыктамаларды ар бирин 80 миң өзбек суммасына (болжол менен 650 сом) сатканы аныкталган. Андан дагы жети жалган бланк табылган.