Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган коңшу өлкөнүн жарандары кармалды

Казакстанстандын жарандары Кыргызстандын аймагына унааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

«2021-жылдын 27-августунда «Чон-Капка-Унаажолу» өткөрүү пунктунан Кыргыз мамлекетинин номуру тагылган “Toyota Estima” үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды»,- деп айтылат маалыматта.

Бул иштин алкагында кармалган Кыргыз жараны жана Казакстан Республикасынын жарандары Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камака алынышты.

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда.