Чек арадан мыйзамсыз кирген эки чет элдик жаран кармалды

Баткен облусунда эки чет элдик жаран чек ара аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы америкалык жана 32 жаштагы япониялык аял Баткен облусунун Нургазык аймагындагы чек ара аймагына уруксат документтерисиз киришкен. 

Жалпысынан алганда, жыл башынан бери Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүдө мыйзам бузган 192 жаран кармалган. Ошол эле 709 киши туура эмес документти пайдаланып Кыргызстанга кирүүгө аракет кылып, колго түшкөн.