Кыргыз жарандыгын 15 миң долларга сатып алууну көздөгөн Орусиянын жараны кармалды

Орусиянын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туралуу УКМКдан билдиришти.

10-мартта Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

Шектүү Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Орусиянын ФСБсы аркылуу Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (каракчылык), 209 (бандитизм), 222 (мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ошону менен бирге, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң доллар өлчөмүндө материалдык акчалай сыйлык үчүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн. Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.