Кыргызстандын жасалма паспортун алууга шектелип Өзбек жараны кармалды

Кыргыз жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Өзбек жараны Кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган. Аталган жаран диний-экстремистик уюмга тиешеси бар үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.