Кыргызстандын жетекчилигине кол салуу аракетин көрүп жаткан деп кармалган 5 жаран Азербайжанга өткөрүлдү

УКМК тарабынан мурда кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

22-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарында трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжандын 5 жараны кармалган.

20-мартта «Ак-Жол» автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына 5 Азербайжан жараны келип, алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар Кыргыз жарандарына коркунуч келтиргендиктен, ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 7-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.