Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду сатууга шектүүлөр кармалды

Чет өлкөлүктөр үчүн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорун бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду жасалма жана сатууну уюштурган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан УКМК кызматкерине 1000 доллар өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда чет элдик жаран кармалган. Кылмыш ишинин алкагында, Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөнү тууралуу жасалма дипломдорду иш жүзүндө окубаган чет элдик жарандарга таратуу, ошондой эле документтерди жасалмалоо, башка мамлекеттерде билим алганын тастыктаган, анын негизинде биздин окуу жайларга андан ары билим алуу үчүн которулгандыгы үчүн канал уюштурганы аныкталган.

Аталган кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда 610 миң сом жана 31 миң доллар өлчөмүндө накталай акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын дипломдору жана жасалмалуулуктун белгилери бар башка документтер табылып алынды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.