Кыргызстанга аткезчилик жолу менен 2 тонна тооктун бутун алып кирген жаран кармалды

Баткен облусуна мыйзамсыз ташылып келе жаткан тоок эти аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы кармалган. Унааны 31 жаштагы Тажикстандын жараны башкарып бара жаткан. Ал эки тонна тооктун буттарын Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Аткезчиликтин жалпы баасы болжол менен 320 миң сомду түзгөн. Кармалган жаран жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.