Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана телефон табылды

“Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана уюлдук телефон табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, кызматкерлер Баткен облусунда Б.И.Ф. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц 1223” үлгүсүндөгү унааны текшерүү үчүн токтотушкан.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 350 даана чөнтөк уюлдук телефон табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 545 000 сомду түзгөн. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.