Кыргызстанга 57 миң даана тоок жумурткасын мыйзамсыз ташып келаткандар кармалды

Кыргызстанга чектеш мамлекеттен өлкөгө тоок жумурткаларын мыйзамсыз ташып келаткандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусундагы бажы кызматкерлери жарандардын бири башкарып келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Токтотулган транспорт каражатынын жүк ташуучу бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен ташылып келе жаткан 57 миң 750 даана тоок жумурткасы аныкталган. Кармалган товардын жалпы суммасы 548 миң 625 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.