Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасап жүргөн шектүү кармалды

Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасалмалоо боюнча туруктуу канал токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу ишинин алкагында жасалма визаларды даярдаган каналды аныктап, ага бөгөт коюп, 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого катышкан чет элдик жаранды кармады. Кылмыш ишинин алкагында атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Пакистандын жараны мыйзамсыз киреше табуу максатында Пакистандын башка жарандарына жасалма виза жасоо схемасын уюштурган.

Шектүү Пакистандын дагы бир жаранына эки электрондук визаны (2 айлык мөөнөткө) 150 АКШ долларга жасап берүүнү, ошондой эле ар бирин 1700 доллардан 6800 долларга төрт жылдык визаны жасап берерин айткан. Аванс катары ага 4400 сом которулган. 22-апрелде шектүү 87 миң 400 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алган учурда пара менен кармалды. Шектүү кармалып, камакка алынган.