Кыргыз Республикасынын аймагына кире беришинен К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
«Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектер табылган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.