Кыргызстанга мыйзамсыз миңден ашуун баш мал алып өтүүгө аракет кылгандар аныкталды

Кыргыз-казак чек арасында 1266 баш мал жана башка товарларды мыйзамсыз алып кирүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жүк ташуучу унаалар Ак-Тилек эсептөө пунктунда кармалган. Алар 272 баш бодо малды, 910 — майда малды, 22 тонна кебек, арпа, трубаларды, 9 тонна минералдык плиталарды жана көчмө мончону ташышкан.

69 ат, 15 бодо мал, 15 тонна тооктун жумурткасы, эки унаа жана гигиеналык каражаттарды мыйзамсыз алып өтүү аракети “Чалдыбар” эсепке алуу пунктунда токтотулган. Ак-Жол эсеп пунктунда эки тонна чай жана малдан алынган майлар, ошондой эле жүк ташыган унаалар кармалды.

«Бардык импорттоочулардын товарларды импорттоого уруксат кагаздары болгон эмес. Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамдарга ылайык кийинки чаралар үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди», — деп белгилешти Мамлекеттик салык кызматынан.