«Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» кыймылынын мүчөлөрү баңгизат менен кармалды

Сокулук районундагы үйлөрдүн биринен «Кырк уруу, жети дубан ынтымагы» коомдук кыймылынын лидери жана 10 мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 19-май күнү ИИМдин тийиштүү кызматтары саат 23:30дар чамасында баңгизат сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен Новопавловка айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн. Натыйжада аталган кыймылдын лидери делген 51 жаштагы жаран кармалып, кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 грамм кара куурай табылган. Аны менен кошо үйдүн ичинде кыймылдын 10 жигердүү мүчөсү отурган. Алардын кичүүсү 28, улуусу 57 жашта экени айтылат.

«Тинтүүнүн жүрүшүндө жайкы ашканадан бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн колдо жасалган шайман (бульбулятор), кендир жыттанган өсүмдүк табылган. Андан сырткары, мончонун кийинүү бөлмөсүнөн кызматтык ит 427 грамм марихуана салынган баштык тапты. Ал эми кармалгандардын биринин чөнтөгүнөн 3,6 грамм кара куурай чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Күбөлөндүрүү учурунда 10 жаран баңгизатка мас абалында болушканы аныкталган. Үчөө Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калганы тергөө иш-аракеттеринен кийин келүү милдеттенмеси менен бошотулган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары жүрүп жатат.