Кытайда 40тан ашык кишини алдап, издөөдө жүргөндөр Ошто кармалды

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн 2 Кытай жараны кармалды. Кармалган чет өлкөлүк жарандар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн.

Финансылык көз боёмочулук жолу менен алар 40тан ашык жарандын 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) ыйгарып алышкан. Аталган чет өлкөлүк жарандарды камакка алууга облустук прокуратура уруксат берген.

Алар камакка алынып, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө.