Кытай жарандары атайын жасалган кылмыш иши боюнча камакка алынды

24-апрелде Свердлов РИИБге Кытай жараны кайрылып, ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан сейил бакта 80 миң долларын тартып алып, из жашыргандарга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Териштирүүнүн натыйжасында, айтылгандар жалган экени аныкталган. Факты боюнча атайын жасалган алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишке шектелип Кытайдын 2 жараны кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.