Кечээ, 16-мартта саат 17:00дө нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам, кокту-колоттон агып түшкөн суудан пайда болгон кыян Сузак районуна караштуу Сузак – Кара-Дарыя жолунун бир тарабын жеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барып, кыяндын кесепеттерин арылтуу менен жол жабылган эмес. Жол тейлөө ишканасынан 1 автогрейдер, 1 эвакуатор, 1 МАЗ жана Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн 1 автожүктөгүч тартылып, жолдун четине парапеттер коюлду. Учурда кыяндын кесепеттерин жоюп, жолду калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.