«Кыз ала качуунун салтка тиешеси жок». ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскертти

ИИМ ала качуу кылмыш экенин эскертти.

Жашы жете элек өспүрүмдөрдү мажбурлоо менен никеге тургузуу бул адам укуктарынын фундаменталдуу түрдө бузулушу жана ага дуушар болгон жеке адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун саламаттыгына терс таасирин тийгизет.

«Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесине ылайык үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун! Кыз ала качуу же мажбурлоо менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тиешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузат»,- дешти.