«Кыз уктап калганда чалган». Сүйлөшкөн кызы үчүн 3 миң доллар талап кылгандар кармалды

Сүйлөшкөн кызын сатып алуу үчүн жигитинен 3 миң доллар опузалап талап кылган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз менен жаран кармалып, белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Анткени алар арыздануучунун сүйлөшкөн кызы үчүн 3 миң доллар опузалап талап кылып, бирөөсү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери арыздануучудан 25 миң сом акча каражатын алган жеринен Чүй облусунун 2004-жылы туулган тургуну (жалган милиция кызматкери) менен шаардын 1992-жылы туулган тургуну кармалган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кыз уктап калган учурунда чала тааныштары жеңил акча табуу максатында кыздын жигитине чалышып, акча каражатын талап кылышкан. Бул факты боюнча Биринчи Май РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.