«Кыздар тейлеген кардардын акчасынын 30 пайызын алган». Бишкекте кыздарды бузукулукка үндөгөн аял кармалды

Бишкекте сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген, тергөө тарабынан белгисиз аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп аны тейлеп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Анда акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан алган төлөмүнүн 30 пайыз өлчөмүндө акча алып жүргөн.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жарандын кылмыштуу иш-аракеттерин ачуу максатында комплекстүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыгында буга чейин шарттуу кардарга колдонууга берилген накталай акча менен 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу боюнча тергөө иш-аракеттери уланып жатат. Ал администратор болуп иштеген мекеменин ээсинин катышы бар жогун текшерилүүдө.