«Кыздарды колдонгон». УКМК Арстан Алай тууралуу кошумча маалымат берди

УКМК бүгүн, 15-декабрда кармалганы белгилүү болгон Арстан Алай тууралуу кошумча маалымат берди.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Арстан Алайдын таасирине кабылган кыздардын ата-энелеринен бир катар арыздар түшкөн, аларда турмуштук көз караштар өзгөрүп, үй-бүлөлүк мамилелердин бөлүнүшүнө алып келгени айтылган. Ал кыздарды интимдик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн колдоно турганы белгиленген. Негизинен алар жаш кыздар болгон. Арстан Алай аларды турак жай менен камсыздап, материалдык жактан колдоо көрсөтүп, ошондой эле системалуу түрдө лекцияларды өткөрүп, «Жаңы Кудай» экенин айткан. Бул жагдайлар анын шакирттеринин үй-бүлөлүк мамилелерине таасирин тийгизип, Арстан Абдылдаевди жакындарынан жогору коё баштаган«, — деп айтылат маалыматта.