«Кыздарды мажбурлашкан». Ошто акча опузалоого шектелген милиция кызматкерлери кармалды

Ош ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Укук коргоо органдарындагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам–издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери баңгизаттарын жарандарга атайылап таштап, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуусу үчүн акча каражатын опузалап талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштургандары аныкталды.

Тактап айтканда, Ош ОИИБдин айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатын атайлап салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз түрдө кармап, акча каражатын талап кылуу максатында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан.

УКМК Ош ОИИБдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Өзгөн районунун аймагында Ош ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, тактап айтканда милициянын улук ыкчам кызматкери, майор М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант Т.И.С. кармалды.

Кармалган кызматкерлерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү. Учурда кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.