«Кыздарды сейилдетем деп…» Караколдо эки жолу унаа айдай качкан делип 31 жаштагы жаран кармалды

Милиция кызматкерлери унааларды айдап качууга шектүү 31 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июль күнү Каракол ШИИБге ушул эле шаардын тургунунан арыз түшүп, Восход кичи районунан белгисиз адамдар үйүнүн жанына токтотуп койгон Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Аталган кылмышка «Тосмо» операциясы киргизилип, шаардан чыгуучу жолдорго милициянын посттору коюлган, ошондой эле чектеш шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн. Көрүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, уурдалган унаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылынан табылган. Бирок кылмышка шектүү жаран кармалган эмес.

30-июль күнү дагы бир Каракол шаарынын тургунуна тиешелүү болгон Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны айдап качуу фактысы «Восход» кичи районунан кайталанып, унаа шаардын аймагында табылган. Бул жолу да кылмышка шектүү из жашырып кеткен. Бул фактылар ШИИБге каттоого алынган. Каракол шаарында жана көлдү айланган унаа жолдордо орнотулган байкоочу камералар дыкаттык менен изилденип чыккан. Мындан тышкары ушундай кылмыштар менен соттолуп чыгышкан жарандардын арасында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, кылмышка шектелип Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалды. Ал сурак берүү учурунда унааларды уурдоого жөн эле айдап көрүү, унаа менен тааныш кыздарын сейилдетүү үчүн себеп болгонун айткан.