Жигиттер кыздарды жылаңачтап видеого тартып, соцтармактарга чыгарышканбы? Милиция текшерип жатат

Милиция адамдын кадыр-баркына шек келтирген видеотасмаларды таратуу боюнча арызды текшерип жатат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

7-сентябрь күнү Свердлов РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен сентябрь айларында социалдык баракчалардын биринин колдонуучулары белгисиз кыздардын аброюна шек келтирген видеолорду жайгаштырып жатышканын билдирген. Ошондой эле окуяга байланыштуу белгисиз адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Бирок бул окуялар кайсыл даректе видеого тартылганын билбегенин айткан.

Анын айтымында, кыздарды алдап мейманканаларга жайгаштырган жигиттердин тобу бар. Кыздарды коркутуп-үркүтүп, жылаңач чечиндирип, баарын видеого тартып, интернетке чыгарышат. Колдонуучу милицияга кайрылганын белгилеген. 

Аталган факты 7-сентябрь күнү Свердлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Учурда аталган факты боюнча жогоруда аталган баракчалардын администраторлорун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда тергөө тапшырмалары берилип, алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет.