Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
18-июнь күнү Базар-Коргон РИИБге Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Себеби, 18-июнь күнү саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган жаран менен Базар-Коргон шаарынын Бишкек-Ош жолунун четинде турган учурда, бейтааныш болгон эки бала кара түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа менен келип, өздөрүнүн башкаруусундагы Деу Матиз үлгүсүндөгү унаанын ичинде олтурган кызды «алып кетебиз» деп талашып, бирөөсү башына бир жолу уруп, экинчи бала чөнтөгүнөн тапанча чыгарып, атып саларын айтып, коркутуп, танапча менен бир канча жолу атып, пистолетинин арт тарабы менен башына уруп, башын жарып койгондугун билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.
Жабырлануучулар денесинен алган жаракаттары боюнча Базар-Коргон районунун аймактык ооруканасына кайрылышып, биринчи жардам алып, чыгып кетишкен.
Аталган окуя ошол эле күнү Базар-Коргон РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1994 жана 1997-жылы туулган жарандар кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.