Кызды калькулятор менен бетке чапкан жаран камакка алынды

Октябрь райондук сотунун чечими менен оюн-зоок дүкөнүнүн кызматкерин калькулятор менен бетке чапкан жаран СИЗО-1ге камакка алынды. Ал тергөө аяктагыча, тактап айтканда 1 ай камакта болот.

Окуя 2-августта MagicCity балдар оюн-зоок борборунда болгон. Окуя болгон жерде тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Андан кийин бул факт майда бейбаштык фактысы боюнча катталган, кийинчерээк иш Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча кайрадан квалификацияланган.

1992-жылы туулган жаран 12 -августта милиция бөлүмүнө жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.