Кызды калькулятор менен бетке чапкан жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Кызга калькулятор ыргыткан жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 2-августта MagicCity балдар оюн-зоок борборунда болгон. Окуя болгон жерде тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Андан кийин бул факт майда бейбаштык фактысы боюнча катталган, кийинчерээк иш Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча кайрадан квалификацияланган.

1992-жылы туулган жаран 12 -августта милиция бөлүмүнө жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.Бишкектин Октябрь райондук соту баш коргоо чарасын тандашы керек.