Кызды калькулятор менен бетке чапкан окуя. Тараптар жарашып, иш токтотулду

Бишкектеги оюн-зоок дүкөнүнүн кызматкерин калькулятор менен бетке чапкан окуя боюнча иш токтотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганла, окуяга байланышкан соттук отурум бүгүн, 29-октябрда Октябрь райондук сотунда болгон. Соттук отурумда жабырлануучу кылмыш ишин токтотуу боюнча оозеки өтүнүч келтирген. Буга эки тараптын жарашуусу себеп болгон. Сот ишти токтотуу чечимин чыгарды.

2-августта MagicCity балдар оюн-зоок борборунда жаран дүкөн кызматкерин калькулятор менен бетке чапкан. Окуя болгон жерде тартылган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Андан кийин бул факты майда бейбаштык фактысы боюнча катталып, кийинчерээк иш Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча кайрадан квалификацияланган. Кылмышка шектелген 1992-жылы туулган жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын карап, СИЗО-1ге 2 айга камакка алган.