Кызды катуу сабап, чечинткен видео Кыргызстанда тартылбаганы маалым болду

Учурда социалдык тармактарда кызды колу-буту менен тепкилеп, чапкылап, «чечин» деген кыздардын видеосу тарап жатат. Айрым колдонуучулар видеонун Кыргызстанда тартылганын жазып жатышат.

ИИМден СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя Казакстанда болгонун айтышты. Казак ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, окуя 1-2-мартта Усть-Каменогорсктогу соода борбордо болгонун жазышты.

«Аталган факты каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат», — дешкен.

Усть-Каменогорск шаарынын билим берүү бөлүмү резонанстуу видеонун катышуучулары шаардык мектептин окуучулары экенин билдирген. Маалым болгондой, жабыркаган мектеп окуучусу бир нече жолу сабалып, кол салуу болгон. Буга чейин психологдор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мектеп жетекчилиги мыйзам бузууга барган кыз менен иш алып барышкан. «Кызга карата алгоритм иштелип чыккан. Ал каттоодо турат, аны менен психолог, тарбия иштери боюнча башкы мугалим иштейт, дайыма көзөмөлдө», — дешкен.

Маалым болгондой, окуучу кыз мындай жүрүм-туруму үчүн окуудан чыгарылбайт, ага 9-классты бүтүрүү мүмкүнчүлүгү берилген.