«Кызды сүзүп качып кетти» деген видеодон кийин айдоочу кармалды (видео)

Кечээ, 25-апрелде соцтармак колдонуучулары видеону бөлүшүп, айдоочу кызды сүзүп, качып кеткенин билдиришкен. ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан айдоочу табылганын билдиришти.

«25-апрель күнү саат 12:18 чамасында Сокулук районун Селекция айылынан кара түстөгү ВМW үлгүсүндөгү унаасы өспүрүмдү сүзүп токтобой кетип калган. Бул окуя боюнча издөө тобу тарабынан ВМW үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу издеп, табылып айып короо жайына киргизилди, ал эми айдоочусу такталды, мындан ары чара көрүү үчүн Сокулук РИИБдин тергөө кызматына тапшырылып берилет», — дешти.