Чүйдүн Ысык-Ата районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
27-апрель күнү болжол менен саат 04:21 чамаларында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жарандын аты-жөнү такталып, ал 1998-жылы туулган жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлүк жаран экени аныкталган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндурүш иштери башталган. Ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жергиликтүү жашоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Алдын ала териштирүү боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.