Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
31-январда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 миң сом акча каражатын которуп жаткан учурда Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери кармалды. Тактап айтканда, кармалган Аламүдүн райондук электр тармактарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган. Тергөө иштери жүрүп жатат.