Кызы жана неберелеринен айрылган апа: «Шектүүнүн жакындары көңүл да айтып коюшкан жок»

Ушул жылдын 16-февралында Бишкектин 5-кичирайонунда апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси алар жашаган үйдө табылган. Көп өтпөй кылмышка шектүү кармалган. Киши колдуу болуп өлгөн 51 жаштагы Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дюшебаева бүгүнкү күнү адилеттүүлүк издейт. Бул видеодо 82 жаштагы апа муңун, кайгысын айтып берди.

«Мага жансыз денелеринин баарын көрсөтүшкөн жок. Беттерин көрдүм. Кызым 5 уулдан кийин төрөлгөн. Мага ички дүйнөсүндө эмне болуп жатса баарын айтчу. Мурда бир жолу турмушка чыккан. Сайкал неберемдин атасынын көзү тирүү. Ал келди. Кызына куран окуп кетти. «Экөөбүз жашаганда мындай болмок эмес да» деди. Аны менен 3 жылдай жашады. Кызым иштеп, кызын багып жүрдү. Сиңдилерим дайыма каралашчу. Банкта иштеп жүрдү. Башка да жумушта иштеди. Ак эмгеги менен акча тапкан. Акча чогултуп, үй алды. Үйдүн акчасын мен өз колум менен санап бергем», — деди апа.

Шектүү соттук отурумда Салимдин атасы эмес экенин, экөөнүн ортосунда интимдик байланыш болбогонун билдирген. Шектүүнүн сөздөрүнө апа жооп берди: «Салимдин атасына унаа алып берип жатам» деди. Өзүмө алам дегенде, «эмне кыласың, көчөдө унаа көп, түйшүгү көп» деп койгом. Шектүүнүн жакындары көңүл да айтышкан жок. Эч кимиси келген жок. Ата-энеси «уулум үчөөнү өлтүрүп коюптур» деген да жок».

Ал ошондой эле кызы окуя болгонго чейин 10 күнгө чакырганын, күн суук деп келбей койгонун айтты. «Мени 10 күнгө келип кет деген. Мен болбой койгом. Ал мени деле кошуп өлтүрүп салмак экен», — деди ал.