«Кызы жоолук салынгандарды көрсө апалап ыйлайт». Бычакталып көз жумган келиндин жакындары сот өкүмүнө нааразы

Ушул жылдын 5-апрелинде 34 жаштагы Рахима Айкынбаеванын сөөгү жерге берилген. Келиндин жакындары “аны мурдагы күйөөсү денесинин 27 жерине бычак сайып өлтүргөн” дешкен. Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы кылмышка шектүү деп анын мурдагы жолдошун кармап, камакка алган.

Бүгүн, 24-октябрда Биринчи Май райондук сотунда маркум келиндин мурдагы жолдошуна карата сот өкүмү чыкканы маалым болду. Соттун 22-октябрдагы өкүмү менен шектүү Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылган, ага жаза катары мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. «Шектүү кармалгандан баштап өкүм күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун 1 күнү эркиндигинен ажыратуунун 2 күнүнө барабар деп эсептелген. Айыпталуучунун жазасынын өтөөсү 4-апрелден баштап эсептелген. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылып, анын пайдасына айыпталуучудан 300 миң сом моралдык зыян өндүрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги келиндин бир тууган сиңдиси Азиза Айкимбай кызы менен байланышканыбызда, райондук соттун чечимине нааразы экенин, кийинки инстанциядагы сотко кайрыла тургандарын билдирди. «Сот өкүмү чыкты, бирок чечим акыйкат болгон жок. 15 жыл эртең эле өтөт. Ал абактан чыкканда да ушул жолго барбайт деп ким кепилдик берет? Сөөктү жууган эжем «денеде тамтык калбаптыр» деп айтып чыккан, мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө айыпталып жаткан адамга 15 жыл аз. Биз өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылабыз. Кылмыш 3 жаштагы кызынын көзүнчө болуп жатат. Кызы психологиялык сокку алды. Өмүр бою унутпайт. Азыр деле жоолук салынган кыз-келиндерди көрсө, апалап кыйкырып, сагынат. Бойго жетип келе жаткан уулу бар. Биз артында калган балдарынын келечегин ойлоп жатабыз. Сотто эжебиздин атын булгап, «көзүмө чөп салчу» деп жатат. Андай эч качан болгон эмес»,- деди ал.